Кыргызстанда мугалимдер дагы эле жетишсиз. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жаңы окуу жылында жалпысынан 2 миңдей педагог жетпейт. Өзгөчө башталгыч класстардын мугалимине суроо-талап курч.
Ведомстводон белгилешкендей, быйыл педагогикалык факультетти бюджеттик негизде 2 миңден ашык студент аяктады. Эгер алардын бардыгы мектептерге мугалим болуп орношсо, жетишсиздик жоюлмак.