Өкмөт башчы ооруканаларда COVID-19 бейтаптары үчүн орундуктарды көбөйтүү тапшырмасын берди

Өкмөт башчы ооруканаларда COVID-19 бейтаптары үчүн орундуктарды көбөйтүү тапшырмасын берди. Кубатбек Боронов коронавирус менен күрөшүүдө олуттуу маселелер болуп жатканын моюндады.

 

Алсак, ооруканаларда орундар жетишсиз. Алардагы узун кезектер элди дүрбөлөңгө салууда. Өкмөт абалды жөнгө салуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат.

 

Боронов белгилегендей,  бүгүнкү күндө Медицина Академиясынын, Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин жана Аскердик лицейдин жатаканаларында 500 бош орун бар.