Кыргызстанда жаңы жылдык эс алуулар 9 күнгө созулат – 31-декабрдан 8-январга чейин. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алды. Катар эс алуулардын ордуна 9-январь, 25-февраль, 11-март жана 25-март иш күндөрү болот.
Белгилеп кетсек, бул жылдын акыркы толук кандуу жумуш күнү 30-мартка туш болот.
Иш күнү кыскартылбайт. Ал эми кирип келе турган 2023-жылдын биринчи иш күнү 9-январь, дүйшөмбү болот.