Коронавирустун экинчи толкуну башталса ага өкмөт толугу менен даяр

Коронавирустун экинчи толкуну башталса ага өкмөт толугу менен даяр.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, бизде бул илдет менен күрөшүүдө тажрыйбабыз бар,

бирок техникалык жана башка шарттарды жакшыртуубуз зарыл.

Айрым божомолдор боюнча экинчи толкун дароо эле болушу мүмкүн,

ал эми башка божомолдор боюнча экинчи толкун күзүндө болушу ыктымал.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктургандар 729ду түзөт.

437 адам айыгып чыкса, 8и каза тапты.