Ордо калаада базарлардын жанындагы унаа токтотуучу жайлар акылуу болду

Ордо калаада базарлардын жанындагы унаа токтотуучу жайлар акылуу болду. Бул тууралуу 24 агенттигине “Бишкектин парковкалары жана унаа токтотуу жайлары” муниципалдык ишканасынын начальниги Ислан Момоконов билдирди.

 

Анын айтымында, жаңычылдык жумушчу долбоор менен кое берилди. Унаа бул жерлерде канча убакыт турбасын, акысы бекитилген —  25 сом. Акы эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин алынат. Акылуу унаа токтотуучу жайлар учурда Ош базарынын айланасында, Ибраимов, Кулатов, Орозбеков көчөлөрүндө жайгашат.