Кыргызстанда жаңы жылдык корпоративдерди өткөрүүгө тыюу салынды

Кыргызстанда жаңы жылдык корпоративдерди өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жарыялады. Анын айтымында, мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынды.

 

Майрамдарда эл көп чогулуп, коопсуз аралык сакталбайт, бул өз кезегинде инфекцияны жайылтууга шарт түзөт, — деди Сурабалдиева. Өзгөчө бөгөт мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү.