Өкмөттөн Ак-үйдүн алдынан алынган тосмо кайда кеткенин айтып беришти

Өкмөттөн Ак-үйдүн алдынан алынган тосмо кайда кеткенин айтып беришти. Маалыматка ылайык, 155 даана металл дарбаза, 169 мамы, 3 шлагбаум жана 5 өткөрүү түйүнү президенттин иштерин башкаруу башкармалыгынын жооптуу кайтаруусуна өткөрүлүп берилди.

 

Белгилеп кетсек, тосмо ак үйдүн маңдайынан жана эки жагынан алынган.

 

Ал эми Панфилов тарабындагысы алынган жок. Эске салсак, тосмо алынып жатканда интернет колдонуучулар анын кийинки тагдырына кызыгып, аукцион менен сатыкка чыгаруу сунушу дагы түшкөн.