Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушуна Казакстан тартылышы ыктымал

Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушуна Казакстан тартылышы ыктымал.

Бул тууралуу Улуттун энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

Анын айтымында, ГЭСтин курулушуна инвестор изделип жатат.

Өзбекстан менен чогуу куруу боюнча келишим бар. Макул болсо

үч өлкө долбоорду бирге ишке ашырат. Кошумчаласак, 2012-жылы

кыргыз-орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС

каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Бирок иш созулуп,

2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган.

Буга карата Россия сарптаган каражатты кайтарып берүүнү талап кылып келет.

Каражаттын жалпы суммасы 37 миллион долларды түзөт.