Кыргызстанда жасалма дем алдыруучу аппараттар жана кычкылтек концентраторлору жетиштүү

Кыргызстанда жасалма дем алдыруучу аппараттар жана кычкылтек концентраторлору жетиштүү.

 

Буга премьер-министр Кубатбек Боронов ишендирүүдө. Анын айтымында, кычкылтек концентраторлоруна жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарга болгон көйгөй жок, аймактарда дагы бардыгы жетиштүү.

 

Жакынкы күндөрү Кытайдан дагы 500 кычкылтек концентратору алынып келет. Эске салсак, буга чейин Кытайдан 1 миң 500 кычкылтек концентратору жеткрилген.