Өлкөгө россиялык “Спутник V” вакцинасы жакынкы арада жеткирилет

Өлкөгө россиялык “Спутник V” вакцинасы жакынкы арада жеткирилет. Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, Москвада биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуп, вакцина тууралуу макулдашты.

 

Ага ылайык, препаратты жеткирүүгө даярдыктар көрүлүп баштады.

 

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирустан массалык эмдөө 29-мартта башталып, кытайлык “Синафарм” препараты сатылып алынган. Жакында өлкөгө Австриянын “AstraZeneca” вакцинасынын 405 миң доза дагы жеткирилет.