Кыргызстанда “Жаштар жана коопсуздук” бир айлык акциясы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Форумда диний толеранттуулук, эрте никеге туруу, зордук-зомбулук, баңгизаттардын жана радикалдашууну алдын алуу боюнча чараларды көрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу талкуулар жүрөт.
Иш-чара 2020-2030-жылдарга Жаштар саясатын өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.