Кыргызстанда жол эрежесин бузгандар үчүн жазалоонун жаңы нормалары күчүнө кирди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, эми мас абалында унаа айдагандар 1 жылга айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылат.
Эгер ал наркологиялык текшерүүдөн өтүүдөн баш тартса, 3 суткага, ал эми айдоочулук күбөлүгү жок эреже бузган адам 5 суткага камакка алынат.
Айдоочу жаза мөөнөтү аяктагандан кийин кайрадан мас абалында машине айдап кармалса, унаасы конфискацияланып, күбөлүгүнөн 3 жылга ажыратылат. Тиешелүү өзгөртүүлөр 8-марттан тарта күчүнө кирди.