Эртең, 7-декабрда электр энергиясына карызы бар 5,5 миңден ашык керектөөчүнүн жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 7-декабрда электр энергиясына карызы бар 5,5 миңден ашык керектөөчүнүн жарыгы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, жалпы дебитордук карыз 12 миллион сомду түзөт.

 

Ыңгайсыздыкка кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсепти өз маалында төлөөгө чакырат. Карызды почта бөлүмдөрүндө, кезек күтпөстөн терминалдар, электрондук капчыктар аркылуу дагы төлөсө болот.