Ош — Ноокат — Исфана жолунун курулушу быйыл күздө башталат.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.
Анын айтымында, иштерди япониялык компания жүргүзөт. Жумуштар өз убагында башталып,
сапаттуу аткарылат, — деп убадалады Марипов. Кошумчаласак, учурда эл аралык маанидеги
Ош — Ноокат — Исфана жолунун узундугу 47 чакырымды түзөт, ал мындан 50 жыл мурда курулган.
Бүгүнкү күндө жолдун 70 пайызы кыймылга жараксыз.
Трассада 11 көпүрө болсо, экөө авариялык абалда турат.