Баткендеги үйү бузулгандарга 300 миң сомдон берилет

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта үй-жайы талкаланган тургундарга 300 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам берилет.

Бул тууралуу Баткен облусун калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, үйлөрү жабыркаган, бирок капиталдык оңдоого муктаж үйлөрдүн категориясына кирбей калган жарандарга 100 миң сом жардам көрсөтүлөт.

Өкмөттөн кошумчалашкандай, Баткен тургундары үчүн ачылган атайын эсепке жарандардан 307 миллион сом түштү.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ишендиргендей, бул каражат бир тыйынына чейин облус тургундарына жумшалат.