Россия өкмөтү Кыргызстанга 1 миң 150 тонна байытылган ун тапшырды

Россия өкмөтү Кыргызстанга 1 миң 150 тонна байытылган ун тапшырды.

 

Бул тууралуу Россиянын биздин өлкөдөгү элчилигинен билдиришти. Азык БУУнун Оштогу дүйнөлүк азык-түлүк программасынын сактоочу жайларына келип түштү.

 

Ун аз камсыздалган 40 миң үй-бүлөгө таратылат. Бирок бул колдоону алыш үчүн үй-бүлөлөр ар кандай коомдук долбоорлорго катышышы керек.