Кыргызстандагы ишканалардын жумушчуларга карызы 327 миллион сомдон ашты

Кыргызстандагы ишканалардын жумушчуларга карызы 327 миллион сомдон ашты.

Бул көрсөткүч 2021-жылдын 1-декабрына карата. Сумма өткөн жылдын ушул эле

мезгилине салыштырмалуу 1,4 пайызга өстү, — деп билдиришти Улуттук статистика

комитетинен. Эмгек акы боюнча жалпы карыздын басымдуу бөлүгү же 42 пайызы

Чүй облусунун ишканаларына жана уюмдарына туура келет. Андан кийин Бишкек жана

Баткен облусу жайгашат. Анын ортосунда жалгыз гана Талас облусундагы

ишканалардын өз жумушчуларына карызы жок.