Бишкектеги 6 мектепке кошумча корпус курулат.
Кеп, №6, 40, 20, 75, 73 жана 88 билим берүү мекемелери тууралуу болуп жатат.
Андан тышкары, №76 жана 10-мектепти капиталдык ремонттон өткөрүп,
№35-мектепке спорт зал салуу пландалууда, — деп билдиришти капиталдык
курулуш башкармалыгынан. Эске салсак, буга чейин ордо калаага 16 мектеп
куруу пландалып жатканы айтылган. Андан тышкары, жаңы конуштарда
дагы 7 билим берүү мекемеси пайда болот.