Кыргызстандагы кооз жайлар «3D» картада көрсөтүлдү.
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей,
буга чейин республиканын 8 миңден ашык таанымал кооз жайларынын сүрөттөрү атайын
«3D» картага түшүрүлгөн. Ал Жалал-Абад шаарындагы көрүүчүлөргө тартууланды. Аларга
виртуалдык көз айнек менен панорамалык сүрөттөр көрсөтүлдү. Эми «3D» форматындагы
кооз жерлердин сүрөттөрүн «map.tourism.gov.кg” сайтынан көрсө болот.