Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы өз убагында төлөнгөн айыптын суммасын
70 пайызга чейин арзандатууну сунуштады. 24 агенттигине ведомстводон билдиришкендей, кеп,
жол эрежеси бузулган учурда салына турчу 1 миң сом өлчөмүндөгү айып тууралуу болуп жатат.
Эгер камера аталган айыпты каттаса айдоочу 15 күндүн аралыгында 300 сом гана төлөйт. Эске салсак,
премьер-министр жол кыймылынын эрежесин бузуу үчүн айыптын көлөмүн төмөндөтүү боюнча мыйзам
долбоор иштеп чыгууну тапшырды. Буга аргумент катары бензиндин жана азык-түлүктүн кымбатташы.