Кытайлык сүрөт Гонконгдогу аукциондо 42 миллион долларга сатылды.
Лоттун баштапкы баасы 10 миллион долларды түзгөн. РИА Новости билдиргендей,
эки метрлик картина XIV кылымда падышанын сарайында кызмат кылган кытайлык
белгилүү сүрөтчү Рен Ренфага таандык. Ат үстүндөгү ханзаадалар түшүрүлгөн
эмгек императордук коллекцияга кирет. Ага бир катар падышалардын мөөрү басылган.