Кыргызстандагы жумушсуз калган жарандар азык-түлүк топтомуна ээ болот

Кыргызстандагы жумушсуз калган жарандар азык-түлүк топтомуна ээ болот.

Өкмөттүн маалымат бөлүмүнөн билдиришкендей, кеп тез арада бузулбай

турган, эң керектүү азыктар жөнүндө болуп жатат. Жардам берүүнүн 1-этабы

Бишкек жана Ош шаарынын жарандарына тиешелүү болот. Андан кийин

жеңилдик механизми өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашат.

Ал эми азыктарды таратуу иштерине волонтер, кварталдык, үй

комитетинин төрагалары жана жергиликтүү аймактын башкармалыктары тартылат.