Кыргызстан электр энергиясын импорттоо боюнча 3 өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Алар Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан, — деди Улуттук энергохолдингдин башчысы
Айтмамат Назаров. Эгер макулдашылса, электр энергия Өзбекстан аркылуу алынат.
Быйыл электр энергияны 1 миллиард киловатт-саатка чейин импорттоо пландалууда.
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылга караганда
1 миллиард куб метрге аз. Импортко тартыштык себеп, — деди Назаров.