Кыргызстанда калкты кайра каттоону быйыл сентябрда өткөрүү пландалууда

Кыргызстанда калкты кайра каттоону быйыл сентябрда өткөрүү пландалууда.

Улуттук статистика комитетинин бөлүм башчысы Римма Чыныбаева билдиргендей,

кайра каттоо алгачкы ирет электрондук форматта өтөт. Тагыраагы, каттоочулар

смартфонго көчүрүлгөн атайын программага маалыматтарды толтуруп, киргизет.

Жалпысынан смартфону бар 25 миң каттоочуну ишке тартуу пландалууда.

Чыныбаева белгилегендей, калкты кайра каттоо пилоттук негизде Чүй,

Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым райондорунда өткөрүлдү.