Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Сауд Арабияга 16-июнда учуп кетет

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Сауд Арабияга 16-июнда учуп кетет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Маалыматка ылайык, ар бир топто 405 зыяратчы болуп, аларды сегиз ажы башчы коштоп барат.

 

Акыркы топ 22-июнда жөнөтүлөт. Эске салсак, Сауд Арабия быйыл ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 миң 766 орун бөлгөн.