Оштон Түркиянын Анталия шаарына биринчи чартердик каттам ачылды

Оштон Түркиянын Анталия шаарына биринчи чартердик каттам ачылды. “Манас” эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришкендей,  Ош-Анталия багыты боюнча алгачкы чартердик каттам менен 184 жүргүнчү учуп кетти.

 

Каттамдар жумасына 2 жолу дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.