Аксыда катуу шамал 3 турак жайдын чатырын учуруп кетти

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда катуу шамал болуп, турак үйлөрдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Кара-Суу жана Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү 3 турак жайдын, 1 мал сарайдын чатырынын шиферин шамал учурган.
Жеринде Жарандык коргонуу кызматы жана райондук куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Жабыр тарткан жарандар жок.