Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке 150 млн сом төлөп берди

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, Камчыбек Жолдошбаевдин иши боюнча 2024-жылдын 19-апрелинде анын бөгөт чарасы Биринчи май райондук соту тарабынан өзгөртүлүп, ал мамлекетке келтирилген зыяндын ордун тагыраагы, 150 млн сом төлөп берди.

 

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.