Шайлоо күнү Кыргызстандын 1 миң 300 жараны паспорт алды

Шайлоо күнү Кыргызстандын 1 миң 300 жараны паспорт алды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, өлкөдөгү бардык калкты тейлөө борборлору жана паспорттук көзөмөл бөлүмдөрү дем алыш күндөрү эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштеди.

 

Жыйынтыгында,  27-ноябрь, ишембиде 1 миң 13 адам даяр ID-паспортторун алып кетишкен. Ал эми жекшемби, 28-ноябрда 288 кишиге паспорт берилди.