Коронавирус күчөгөндүктөн, “118” ыкчам байланыш кызматы кайрадан ишке кирди

Коронавирус күчөгөндүктөн, “118” ыкчам байланыш кызматы кайрадан ишке кирди. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, аталган түз байланыш номуру кечээтен тарта иштеп жатат.

 

Ага кайрылгандарга адистер коронавирусту алдын алуу, андан дарылануу жолдору тууралуу медициналык кеп-кеңеш беришет. Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 1 миң 960 бейтап стационарда, 1 миң 801и үй шартында дарыланууда.