Кайра өтө турган шайлоого карата бюлетень тексти 28-июнга чейин бекитилет.
БШК маалыматына ылайык, документтерди 3-июлга чейин даярдап жана аларды
тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына берүү керек. Ал эми шайлоо тилкелерине
8-июлдан кеч эмес жеткирилиши зарыл. Эске салсак, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык
кеңештерди кайрадан шайлоо 11-июлда өтөт. Апрелдеги добуш берүүнүн
жыйынтыгы көптөгөн мыйзам бузуулардан кийин жокко чыгарылды.