Президенттикке 47 талапкер шайлоо фонддорун түзүп алды

Президенттикке 47 талапкер шайлоо фонддорун түзүп алды. Бирок 1 миллион сомго барабар шайлоо күрөөсүн бир нече адам эле тапшырды, — деп novosti.kg ге БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

 

Анын айтымында, талапкерлер каттоо аяктаганга чейин акчаны тапшырышы керек. Эске салсак, каттоо процесси 14-декабрга чейин созулат. Андан кийин үгүт кампаниясы старт алат.