Кыргызстандын 3 облусунда аймак аралык коомдук унаалардын иштешине уруксат бериле элек

Кыргызстандын 3 облусунда аймак аралык коомдук унаалардын иштешине уруксат бериле элек.

Алар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары. Бул тууралуу novosti.kgге “Кыргыз автобекети” ишканасынын

директору Максат Жумабаев билдирди. Ал белгилегендей, аталган аймактарда коомдук унаалар качан

иштеп баштайт – бул жергиликтүү ыкчам штабдардын чечиминен көз каранды. Өлкө боюнча калган

башка облустарда аймак аралык жана ички каттамдарга уруксат берилген.

Учурда Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында коомдук унаалар жүрүп жатат.