Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба-ырайы күтүлөөрүн эскертет.
25-августтан 27сине чейин өлкө боюна маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт.
Синоптиктер белгилешкендей, Чүй жана Ысык-Көл облусунун жоо этетеринде жана
тоолуу аймактарында нөшөрлөгөн жаан жаайт. Кыргызстан боюнча абанын
температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба-ырайы унаалардын, байланыш,
энергетика жана коммуналдык кызматтардын иштешин кыйындатат.