Түп – Кеген унаа жолун калыбына келтирүүнүн 3-фазасы башталды

Түп – Кеген унаа жолун калыбына келтирүүнүн 3-фазасы башталды.

Бул тууралуу Novosti.kgге өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, трасса Түп районун “Каркыра” көзөмөл-өткөрүү түйүнү менен

байланыштырат жана узундугу 52 чакырымды түзгөн тилке калыбына келтирилип,

жол жээгиндеги объектилер курулат. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 55 миллион доллар.

Каражатты Эл аралык өнүктүрүу ассоциациясы бөлүп берет. Сумманын жарымы

насыя түрүндо берилсе, калган бөлүгү грант катары ыйгарылат.

Иштер 2024-жылы аяктайт деп пландалууда.