Жалал-Абад облусунда унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди

Жалал-Абад облусунда унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Токтогул районунда бийиктиги 30 сантиметрге жеткен кар жаады.

 

Андан улам, Бишкек-Ош трассасынын Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда жүк ташуучу унаалар таңы саат 7ден кийин өткөрүлбөй жатат. Кар дагы эле жаап жаткандыктан, жолчулар тынбай иштөөдө, — дешти ведомстводон.