Ошто 65 жаштан жогорку жарандар «Sputnik V» вакцинасын ала башташты

Бүгүн, 4-май күнү Ош шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 65 жаш курактан ашкан адамдар ыктыярдуу түрдө «Sputnik V» вакцинасын алышты.

Ош шаардык ооруну алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Санталат Орозбаеванын айтымында, бул вакцинаны боюнда бар аялдар албайт.

«Бул вакцина деле 2 баскыч менен жүрөт. Муруңку Кытайдан келген вакциналар кандай тартип менен берилген болсо ошондой эле тартипте берилет. Вакцина сайылгандан кийин каттоо болот. Каттоодон өткөн жаранга атайын бейджик берилет. 21 күндөн кийин экинчи вакцина сайылат. Вакцинаны алгандар чет өлкөгө чыга турган болсо ошол бейджикке эле мөөр бастырып алып эле кете беришет. Азыр чет өлкөгө ПЧР анализдери жок деле кетсе боло берет. Бул вакцинаны боюнда бар аялдар албайт. Вакцина алганы келген жарандын кан басымы жогору болсо, дене табы жогору болсо, ошол күнү вакцина ала албайт. Ошол адам кайра дене табы түшүп, кан басымы нормалдашканда гана келип алса болот.

Вакцинаны 18 жаштан жогорку курактагы жарандар алат. Бүгүнкү күнгө чейин Кытайдан келген вакцина алгандардын абалы өзгөргөн фактылар катталган жок. Бул вакцина деле ошондой болот. Азыркы күндө вакциналар Ош шаарында №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда берилип жатат», — деди Орозбаева.

Биринчи этап менен Ош облусуна 4 миң вакцина келген болсо, кийинки баскычтарда дагы кошумча вакцина алынып келинет. «Sputnik V» вакцинасы 65 жаштан жогорку жаштагыларга, диспансердик каттоодо турган оорулууларга сайылат.

«Бүгүнкү күнгө чейин «Синофарм» вакцинасын Ош шаарында 1 миң 884 жаран алган. Алар медициналык кызматкерлер, укук коргоо органдары, педагогтор, каалоочу жарандар келип алышты. Бүгүнкү күндө эч биринде терс көрсөткүчтөр болгон жок», — деди Ош облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси Орозгүл Таирова.

Дарыгерлердин айтымында, «Sputnik V» вакцинасынын эффективдүүлүгү 90 пайыздан жогорку көрсөткүчтү камтыйт. Ал эми «Синофарм» вакцинасынын эффективдүүлүгү 80 пайыздан жогору.

Sputnik V» вакцинасынан Кыргызстанга жалпы 20 миң доза келген. Анын 4 миңи Ош облусуна жөнөтүлгөн. 4 миң дозанын 1 миң 600 дозасы Ош шаарына бөлүнгөн. Калган 2 миң 400 доза райондорго таркатылган.