Бүгүн Бишкекте жана Чүй облусунда өзгөчө кырдаал катталышы ыктымал.
Бул ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен, катуу шамалга байланыштуу, — дешти
өзгөчө кырдаалдар министрлигинен. Куткаруучулар эскертишкендей, айрым электр линиялары үзүлүп,
бак-дарактар кулап, жарнама щиттери жарактан чыгышы мүмкүн. Бекем эмес орнотулган
конструкциялар жолго кулап унаа тыгындары жаралышы ыктымал.