Кыргызстандын айрым жогорку окуу жайлары абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөсү жок эле кабыл алат

Кыргызстандын айрым жогорку окуу жайлары абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөсү жок эле кабыл алат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, ЖРТ сертификаттары маданият, искусство жана спорт тармактарына байланыштуу адистиктерге талап кылынбайт.

 

Бул окуу жайларга абитуриенттер кадимки кирүү экзамендерин тапшырат.

 

Учурда жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн каттоо жүрүп жатат, ал 9-апрелге чейин уланат.