Өткөн жылы каза болгон америкалык атактуу баскетболчу Коби Брайанттын сүрөттөрү камтылган жыйнак рекорддук суммага, тагыраагы, 1 миллион 800 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жыйнак 1 миллион 795 миң 800 долларга сатылып, дүйнөлүк рекордду жаңылаган. Бирок сатып алуучунун ким экендиги айтылган жок.
2020-жылдын 27-январында баскетбол жылдызы Коби Брайант 13 жаштагы кызы Жианна менен чогуу Калифорния штатындагы Калабасас шаарына жакын жерде тик учак кырсыгынан каза болгон. Тик учак кырсыгынан борттогу 9 адамдын баары көз жумган.