Кызыл-Кыя шаарындагы №2 орус-кыргыз орто мектебинде окуучулар бир
партага үчтөн отуруп, билим алып жатышат. Бул тууралуу мектеп директорунун
орун басары Жанета Рахманжанова “Турмуш” басылмасына билдирет.
Анын айтымында 900 балага ылайык мектепте 1 миң 600 окуучу билим алышууда.
Мындан улам 1 партага үчтөн окуучу отурууга аргасыз. Белгилеп кетсек, аталган мектеп
1974-жылы салынып, капиталдык ремонттон өткөн эмес. Анда 53 педагог эмгектенет.