Бишкектеги жогорку жана орто окуу жайлар февралдан тартып ачылат

Бишкектеги жогорку жана орто окуу жайлар февралдан тартып ачылат.

Бул тууралуу novosti.kgге кесиптик билим берүү секторунун башчысы Дамира Алибаева билдирди.

Анын айтымында, министрдин буйругуна ылайык, алгач бардык медициналык окуу жайлардын жана

бүтүрүүчү курстардын студенттери салттуу окууга кайтышат. Калган курстун студенттеринин

билим алышы аралаш форматында болот. Кадимки форматта билим берүү

атайын иштелип чыккан алгоритмдин негизинде жүргүзүлөт.