Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде бир позициясын жоготту

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде бир позициясын жоготту. Жаңыланган тизме Европа улуттар Лигасынын жана башка достук беттештердин жыйынтыгы менен түзүлдү.

 

Биздин команда отчеттук мезгилде оюн өткөргөн эмес, андыктан алдыга Люксембург курамасын чыгарып, 95-орундан 96чыга түштү.

 

Ал эми Азиялык футбол конфедерациясы мамлекеттеринин рейтингинде Кыргызстан 15-орунда турат.