Хабиб Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктады.
Спортчу мындай чечимин UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук куру үчүн
Жастин Гэтжини жеңип алгандан кийин жарыялады. Жолугушуу Абу-Дабиде өттү.
Нурмагомедов беттештин 2-бөлүгүндө атаандашын «үчбурчтук» ыкмасы менен утуп алды.
Эске салсак, Хабиб Нурмагомедов спорттук карьерасында
жалпысынан 29 беттеш өткөрүп, баарында жеңишти камсыздады.