Кыргызстандын энерго тармагынын карызы 132 миллиард сомго жетти.
Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин маалыматына ылайык, сумманын басымдуу бөлүгүн, же 127 миллиард сомду өлкөнүн эки ири энерго компаниясы карыз – “Улуттук энерго холдинг” жана “Электр станциялары”. “Электр станцияларынын” бересеси ЖЭБ жана Токтогул ГЭСтерин калыбына келтирүүгө алынган насыялардан турат.
Ал эми экинчи компания “Датка — Кемин” электр өткөрүү линияларын курууга жана түштүк аймактардагы электр тармактарын жаңыртууга каражат алган.