Ошто коронавирустан эмдөө үчүн күнү-түнү иштей турган түйүндөр ачылды.
Түштүк калаанын мэриясынан билдиришкендей, жарандар тез жардам кызматынын станцияларында, Ак-Тилек кичи районундагы шаардык ооруканада жана Курманжан Датка көчөсүндөгү оорукананын эски имаратында эмделе алат.
Эске салсак, кечээ Ош шаарында кытайлык Синофарм вакцинасынын 50 миң дозасы жеткирилди.