Улуттук банк ноябрга карата алгачкы интервенция өткөрдү


Улуттук банк ноябрга карата алгачкы интервенция өткөрдү.

Башкы каржы мекемесинин порталында айтылгандай, 26 миллион 800 миң доллар сатылды.

Каржы рыногуна чыгууга доллар курсунун серпилүүсү себеп. Ушуну менен жыл башынан бери

16-интервенция өткөрүлүп, 372,5 миллион доллар сатылды. Белгилеп кетсек, акыркы

эки айдан бери америкалык валюта кымбаттап жатат. Учурда акча алмаштыруу

жайлары долларды 84 сом 60 тыйындан сатып алып, 84 сом 90 тыйындан сатышууда.