Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курамасы “Мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн дүйнө кубогу»
аталышындагы мелдешке катышат. Бул максатта Спорттун олимпиадалык түрү
дирекциясынын бюджетинен 300 миң сом бөлүндү. Эл аралык мелдеш
11-декабрдан 14-декабрга чейин Россиянын Белоярск шаарында өтөт.
Ал эми жыл сайын өтүүчү мелдешке 10дон ашык өлкөнүн спортчулары катышат.