Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга Кыргызстандан 15 спортчуда жолдомо бар

Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга Кыргызстандан 15 спортчуда жолдомо бар.

Буга чейин биздин 14 спортчуда сертификат бар болчу. Эми өлкөнүн дзюдо боюнча курама

командасынын мүчөсү Владимир Золоев дагы жолдомого ээ болду. Ал Азия континентине

берилген квота боюнча алды. Золоев 81 килограмм салмакка чейинки категорияда Азиянын

учурдагы чемпиону. Олимпиада оюндарына биздин өлкө грек-рим жана эркин күрөштөрү,

жеңил атлетика, марафон чуркоо, фехтование, ок атуу жана сууда сүзүү боюнча катышат.