Кыргызстандын «Шамбала» тасмасы «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлдү

Кыргызстандын «Шамбала» тасмасы «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлдү.

Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун кинокартинасы «Мыкты чет элдик тасма»

номинациясынын узун тизмесине кирди. Ага атаандаш 90 тасма бар.

Киноленталарды кыска тизмеге тандоо үчүн добуш берүү 10-декабрда башталып,

15-декабрга чейин созулат. Анын жыйынтыгы 21-декабрда жарыяланат. «Оскар»

сыйлыгынын жеңүүчүлөрү 2022-жылдын 27-мартында Голливуддагы кинотеатрда

салтанаттуу иш-чарада жарыяланат. Номинанттардын толук тизмеси 8-февралда

белгилүү болот. «Шамбала» Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган.